Кыргызстан футзал боюнча 2022-жылкы Азия кубогунун тандоо туруна катышат

Кыргызстан биринчи жолу футзал боюнча 2022-жылкы Азия кубогунун тандоо туруна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерациясы Кыргызстанды 2022-жылы өтүүчү Азия кубогунун футзал боюнча бирдиктүү борбордук жана түштүк аймагынын тандоо турниринин кожоюну катары расмий түрдө бекитти

Турнирдин өзү 1-апрелден 15-апрелге чейин Бишкек шаарында өтөт. Өз кезегинде тандоо турунун чүчү кулак кармоосу 6-январга белгиленген.

Белгилей кетсек, Борбордук жана Түштүк аймактарга 8 өлкө кирет.

Себеттердин курамы:

✔️Корзина 1: Иран, Өзбекстан.

✔️Корзина 2: Кыргызстан, Тажикистан.

✔️Корзина 3: Түркмөнстан, Афганистан.

✔️Корзина 4: Непал, Мальдив аралдары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД