Унаа сүзүп көз жумган "тазалыкчынын" үй-бүлөсүнө 50 миң сом берилет

Бишкекте жеңил унаа сүзүп, көз жумган "Тазалыктын" кызматкери Коргонбаевдин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берилет. Бул тууралуу "Тазалык" муниципиалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык саат 8:00дө болгон. "Тазалыктын" каза болгон кызматкери жарык чагылтуучу элементтери бар атайын жилетчен болгон. Оң рулдуу унаанын аял айдоочусу башка унаадан ашып бара жатып жолдон адамды көргөн эмес. Натыйжада адамды сүзүп кеткен.

Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын аял айдоочусу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Натыйжада муниципалдык кызматтын 1987-жылы туулган Коргонбаев С. аттуу кызматкери кырсык болгон жерден каза болгон.

Акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу окуя болгон жерге шаардын мэри Айбек Жунушалиев өзү барган. Ал дем алыш күндөрү тазалыкчылардын борбордук көчөлөрдө иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы колдонууну тапшырды. Мындан тышкары, көчөлөрдү тазалоодо жарык чагылтуучу элементтери бар көчмө жол белгилерин колдонуу тапшырмасы берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД