
БШКга 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 13 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.
4-январга карата беш жарандан талапкер болуу тууралуу арыз түштү. Алар:
- №29 Свердлов райондук округунан Эдил Бейшенбаев;
- №27 Биринчи май округунан Рысбай Аматов;
- №27 Биринчи май округунан Русланбек Акылбеков;
- №29 Свердлов райондук округунан Муратбек Султанбеков;
- №27 Биринчи май округунан Адылбек Гапаров.
Буга чейин төмөнкү жарандар өз талапкерлигин көрсөткөн:
Биринчи май округу боюнча:
1. Сартаев Анвар Айдарович;
2. Токтакунов Нурбек Акбарович;
3. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Свердлов округу боюнча:
1. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
2. Жолдошова Назгүл Амантуровна;
3. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
4. Алмамбетова Гуля Идиновна.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.