
Америкалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Масктын байлыгы 300 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу маалыматты Forbes жарыялады.
Forbes Real-Time жарыялаган жаңыланган маалыматка ылайык, Масктын байлыгы бир күндө 32,6 миллиард долларга көбөйүп, жалпы 304,2 миллиард долларды түзгөн. Муну менен ал дүйнөлүк миллиардерлердин рейтингинин лидерлигин сактап калуусун улантууда.
Өткөн жылдын октябрь айында Маск 257,6 миллиард доллар байлыгы менен Forbesтин эсеби боюнча тарыхтагы эң бай адам катары болуп калган болчу. Буга чейин тарыхтагы эң бай адам катары байлыгы 212 миллиард долларга жеткен Жефф Безос эсептелип келген.