
БШКга 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 14 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча:
- Шайлообек Атазов;
- Муратбек Султанбеков;
- Эдиль Бейшенбаев;
- Жусубалы Керимбаев;
- Назгүл Жолдошова;
- Жаныбек Асанбеков;
- Гуля Алмамбетова.
№27 Биринчи май шайлоо округу боюнча:
- Адылбек Гапаров;
- Русланбек Акылбеков;
- Рысбай Аматов;
- Анвар Сартаев;
- Нурбек Токтакунов;
- Шадыкан Жакыпбеков;
- Эльвира Сурабалдиева.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.