Казакстандагы каршылык акциясы көптөгөн шаарларга жайылды

Казакстандын бир нече шаарында газга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы митингдер уланууда.

Каршылык акциясына чыккандар эми өкмөттүн отставкасын да талап кылууда. Кээ бир шаарларда митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар да болууда. Мындай видеолор мессенджерлер аркылуу тароодо.

Өлкөдө WhatsApp, Telegram жана башка социалдык тармактар иштебей жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД