
Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-декабрдан тарта Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгаштырылган бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.
КР УКМКнын чек ара кызматы коңшу республикадагы жана чек ара тилкесиндеги кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Кырдаал курчуган учурда Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт.