
Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев 5-январда кол койгонун казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Аскар Маминдин өкмөтү отставкага кетип, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Ал эми калган өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.
Казакстанда суюлтулган мунай газынын кымбатташына байланыштуу массалык акциялар өтүүдө. Алма-Ата жана Мангистау облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди.