Казакстанда Токаев бир нече чиновникти кызматтан алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент админстрациясынын жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеуну коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындады.

Мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаев кызматтан кетти. Анын ордуна Токаевдин жардамчысы Ерлан Карин келди.

Буга чейин Казакстандын Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган. Аскар Маминдин өкмөтү отставкага кетип, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Ал эми калган өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Казакстанда суюлтулган мунай газынын кымбатташына байланыштуу массалык акциялар өтүүдө. Алма-Ата жана Мангистау облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД