Казакстандагы нааразычылык акцияларында 95 полиция кызматкери жабыркады

Казакстандагы нааразылык акцияларынын натыйжасында коомдук тартипти бузган 200дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында ички иштер органдарынын 95 кызматкери жабыркап, 37 кызматтык унаа жараксыз абалга келген. Бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, бейбаштык жана мамлекеттик имараттарга кол салуу боюнча 13 факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Алматы, Шымкент жана Тараз шаарларында акимчиликтерге кол салуу аракети болуп, терезелери, эшиктери сынган жана башка материалдык чыгым келтирилген. Ошол эле учурда жарандардын айрым топтору жолдорду, унаа кыймылын жаап, коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын жана калктуу конуштардын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасын бузушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД