
Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарындагы газды кайра иштетүүчү "Казак газ кайра иштетүүчү заводу" ЖЧКсы заводунун директору Накберген Тулепов кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, заводдун директору эч себепсиз газдын баасын көтөргөн. Бул факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.
Казакстанда нааразылык акциялары Мангистау облусунда 2-январда Жаңы-Өзөн шаарында батыш аймактарда көпчүлүк унаалар колдонгон суюлтулган газдын баасы кескин көтөрүлгөндөн кийин башталган. Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгону кабарланган.
Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кетти.