
Казакстандын Алматы шаарында коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган. Алматыда коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин.