Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Учурда Кумтөр кенин иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектейт.
Акылбек Жапаров 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Билими жогору. 1986-жылы Фрунзенин политехникалык институтун "инженер-куруучу" адистиги боюнча, 2002-жылы Бишкектин каржы-экономикалык академиясы "каржы жана салык системалары" адистиги боюнча бүтүргөн. Экономика илимдеринин доктору.
Эмгек жолу:
1986-1987 - Фрунзе политехникалык институтунунун кичүү илимий кызматкер, окутуучусу
1987-1991- ФПИнин комсомол комитетинин катчысы. ВЛКСМ БКнын мүчөсү
1991-1992 - "Толкун" ЖЧК чарбалык ишканасынын башкы директорунун орун басары
1992-1993 - КР президенттик аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы, КР өкмөттүк аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы
1993-1995 - КСДПнын жооптуу катчысы – аппарат жетекчиси
1995-1996 - КРдин биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы
1996-1997 - КР президентинин алдындагы Баалуу кагаздар боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, комиссиянын катчысы
1997-2000 - КР Каржы министрлигинин башкы инспектору, Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы төлөмдөрдү алуу башкармалыгынын жетекчиси
2000-2005 - Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынынын депутаты, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы. "Кыргызстандын аймактары" депутаттык тобунунун мүчөсү
2006 - каржы министринин милдетин аткаруучу
2006-2007 - экономика жана каржы минстри
2007 - каржы министри
27-декабрь, 2007 - КРдн экономикалык өнүктүрүү жана соода министри
2009-2010 - КРдин биринчи вице-премьер-министри
2009 - КРдин ЕврАзЭШтеги атайын өкүлү, КМШ маселелери боюнча КРдин улуттук координатору, КМШнын Экономикалык кеңешинде республиканын өкүлү жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин мүчөсү
ноябрь, 2010 - "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
2011- 2012 - КРдин каржы министри
октябрь, 2015 - "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
КРдин эмгек сиңирген экономисти, II класстагы мамлекеттик катчы, Нарын облусунун ардактуу жараны.
Сыйлыктары:
"Манастын" 1000 жылдыгы", "Шериктеш" медалдары.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы