
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган инисинин уулу Абиш Самат Сатыбалдыулы коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент админстрациясынын жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеуну коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындады.
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган инисинин уулу Абиш Самат Сатыбалдыулы коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматында 2015-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан.
Буга чейин Казакстандын Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган. Аскар Маминдин өкмөтү отставкага кетип, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Ал эми калган өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.
Казакстанда суюлтулган мунай газынын кымбатташына байланыштуу массалык акциялар өтүүдө. Алма-Ата жана Мангистау облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди.