Кыргызстандык жиу-житсучулар дүйнө чемионатында 18 алтын медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар Россиядагы бразилиялык жиу-житсу боюнча дүйнө чемионатында 47 медаль багындырышты. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 27-30-декабрда Москва шаарында өтүп, анда 6 жаштан 65 жашка чейинки спортчулар күч сынашты. Алар жаш курагы, салмагы жана куруна жараша таймашышты.

Кыргызстандын атынан Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан болуп 40тан ашык адам барган. Дүйнө чемпионатында Кыргызстан 47 медаль: 18 алтын, 13 күмүш жана 16 коло байге утту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД