3 жолу эмделген Швециянын падышасы менен ханайымы коронавирус жуктуруп алды

Швециянын падышасы Карл XVI Густаф менен ханайымы Сильвия коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Эмдөөнүн үч дозасын тең алган падыша менен ханайымдын абалы туруктуу, азыркы учурда өздөрүн жакшы сезишүүдө", - деп айтылат падыша сарайынан жарыяланган билдирүүдө.

Алар эрежелерге ылайык сарайда обочолонгон. Учурда дарыгерлер падыша үй бүлөнүн саламаттыгын көзөмөлдөп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД