Тажикстан себебин түшүндүрбөстөн 50 кыргыз жаранын өлкөдөн чыгарды

Тажикстан себебин түшүндүрбөстөн Кыргызстандын 50 жаранын өлкө аймагынан чыгарып жиберди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2-январь күнү болжол менен саат 20:20да "Карамык" өткөрүү пунктунан Тажикстандан Кыргызстанды көздөй 47 жаран чек араны кесип өткөн. 4-январда дагы үч киши чыгарылган.

Бул жарандардын баары Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулушкан. Үй-бүлө мүчөлөрү Тажикстандын жарандары, ошол жакта турушат. Баары тең Ляхши, Мургаб, Тоолуу Бадахшан райондорунда мыйзамдуу жүргөн.

"Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал), Мургаб жана Тоолуу Бадахшан райондорунда мыйзамдуу негизде жашап жатышкан жана жашаган жеринде убактылуу каттоодо турушкан. Бирок 2-январда жана 4-январда тажик бийлиги себебин түшүндүрбөстөн жана туугандары менен коштошууга уруксат бербестен 24 саат ичинде Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберди" деп билдирди Чек ара кызматы.

Кыргызстандыктар "Карамык" жана "Бор-Дөбө" өткөрүү пунктуларынан өтүшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД