
Алма-Ата шаарынын борборунда митингчилер менен полициянын ортосунда кагылыш болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости кабарчысынын маалыматына таянып жазып чыкты.
РИА Новостинин маалыматына караганда, каршылык акциясынын катышуучулары күч түзүмдөрүнүн бир нече кызматкерин сабап салышкан.
Полиция митингчилерге каршы дубинка, атайын каражаттарды, анын ичинде үн чыгаруучу гранаталарды колдонуп жатат.