Алма-Атада акимиаттын, прокуратуранын жана "Нур-Отандын" имараты өрттөнүүдө

Алма-Атада митингчилер жергиликтүү акимиаттын имаратын өрттөп салышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Акыркы маалыматтарга караганда, каршылык акциясына чыккандар акимиаттын имаратынын ичине кирип барышкан.

Митингчилердин дагы бир тобу ушул убакта президенттин эски резиденциясына кирүүгө аракет кылышууда.

"Sputnik Казахстан" агенттигинин маалыматына караганда, Алма-Ата шаарындагы "Нур-Отандын" имараты да өрттөнүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД