Нур-Султан шаарында да өзгөчө абал жарыяланды

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында да өзгөчө абал жарыяланды. Бул тууралуу жарлык өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун казак басылмалары жазып чыгышты.

Мунун алдында Алматы шаарында ушундай режим кирген. Түнкү нааразылыктар учурунда Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД