АКШда эгиздер эки башка жылы төрөлүштү

Эгиздердин ортосундагы убакыт 15 мүнөт.

Адатта эгиздердин туулган күндөрү бир күндө болот эмеспи? Бирок, АКШнын Калифорния штатынын тургунунун балдарынын туулган күндөрү документтеринде бир күн эмес, эки башка күн, ал тургай эки башка жыл жазылмакчы.

UPI маалымат агенттигинин жазганына караганда, эгиздердин бири Альфредо Трухильо Салинастагы Natividad медициналык борборунда 2021-жылдын 31-декабрында саат 23:45те төрөлгөн. ал эми анын түгөйү-карындашы 2022-жылдын 1-январында туура түн ортосунда төрөлгөн.

Статистика боюнча, эгиздердин ар башка жылдын ар башка күндөрүндө туулушу – 2 миллион учурда бир жолу кайталанат экен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД