
Алма-Атанын аэропортунан Орусиянын Ил-76ТД аскер учагы белгисиз тарапка учуп кетти. Бул тууралуу Orda.kz. жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, Ил76 - Орусияда чыгарылган оор аскер-транспорттук учак. ТД модификациясы - жүк ташуучу алыс аралыкка учуучу дегенди түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, бүгүн Алма-Атадан Орусия тарапка жеке бизнесджет учагы учуп кеткени кабарланган. Андан мурун болсо дагы бир бизнесджет Женевага (Швейцария) учуп кеткен.
Казакстандагы Telegram-каналдарда жеке учактар менен элде Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн "капчыктары" аталган жергиликтүү олигархтар учуп кетип жатышкандары айтылууда.