
Нурсултан Назарбаев мындан ары Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы эмес. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге жасаган видеокайрылуусунда айтты.
Айтымында, бул кызматты эми өзү аркалайт.
"Кандай болбосун, мен борбор калаада болом", - деп ал өлкөдөн качып кетпестигин билдирди.
Каршылык акциялары боюнча, ал "топтолгон бандиттик элементтер аскер кызматкерлеринин үстүнөн шылдыңдашууда", - деп айтты.