Казакстанда интернет иштебей калды

Казакстанда интернет өчүп, сайттар иштебей калды. Телефон байланышы да начарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Интернетке мониторинг жүргүзгөн GlobalCheck сервисинин маалыматына ылайык, провайдерлер чектеп жатканы үчүн интернет иштебей жатат.

"Казактелеком" оператору мобилдик интернетти жаап коюшу мүмкүн.

Бийлик интернеттин начарлаганы жөнүндө эч кандай маалымдама жасаган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД