Адвокат:Орхан Инандыны уурдап кетишип,Бишкекте кармап жатышы мүмкүн

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны уурдап кетишип, Бишкектин бир жеринде кармап жатышат деген божомол бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-июндагы маалымат жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов билдирди.

Адвокаттын айтымында, унаа кафенин жанында табылган. Ачык болгону менен, эч нерсе уурдалган эмес.

"Бул эмнени түшүндүрөт? Демек уурулук максаты жок болчу. Эгерде болсо, телефон сыяктуу баалуу буюмдары унаада калбайт эле", - деди жактоочу.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары болуп жаткан окуяга президенттин көңүл бурганына ыраазычылыгын билдиришти.

"Биз президенттин болуп жаткан окуяга көңүл бурганына ыраазыбыз. Бирок ишти Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы же Ички иштер министрлиги териштиришин каалайт элем", - деди Кудайбергенов.

Мекеменин башчысынын орун басары Амир Султанмуратов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, акыркы 7-8 жылдан бери Түркиядагы саясий кырдаалга байланыштуу "Сапатта" иштеген кызматкерлер саясий куугунтукка кабылып, Түркияга бара албай жатканын айтты.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Кечээ кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйдөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган. Учурда милиция кызматкерлери Орхан Инандыны издеп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД