
Алма-Атанын Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы аэрпорт басылып алынганын тактады. Бул тууралуу Orda.kz. агенттиги жазып чыкты.
"Алар аэропортко жетип келишти. Алдын ала маалыматка караганда, аэропортто 45тей баскынчы бар. Алар кирээр менен кызматкерлер чыгып кетишти. Басып алган учурда терминалда жүргүнчүлөр жок болчу", - деп билдиришкен Алма-Атанын Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.