"Манас" аэропорту: "Казакстандан жеке учактар учуп ​​келген жок"

"Манас" эл аралык аэропортуна Казакстандан жеке учактар ​​келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кшул убакка чейин Казакстандан Бишкекке учак конуу үчүн өтүнүч же кайрылуу болгон эмес.

"Бугун гана Алматыдан бош Tez Jet учагы келди, ал буга чейин Ош-Алматы багытында чартердик каттам аткарган.

Үзгүлтүксүз каттамдар тууралуу, "Эйр Астана" авиакомпаниясынын бүгүнкү Алматы-Бишкек-Алматы каттамы токтотулган", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД