Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаал боюнча ЖККУ лидерлери менен сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кечээ кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Тараптар ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД