1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланып жаткан социалдык- стационардык мекемелердеги 431 балага кийим-кече тапшырылды.
Маалым болгондой, Жалал-Абаддагы балдардын психоневралогиялык социалдык стационарында 101, облустук "Ак жол" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборунда 30, "Бирдиктүү багыт майыптар коомдук ассоциациясы" аркылуу 200 балага кийим-кече жеткирилет. Ноокен районундагы Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин тарбиялануучуларына да 100 жууркан берилди. Майрамдык белектерди бүгүн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеме жетекчилерине тапшырды.
Жалал-Абад облусунда 18 жашка чейинки 15 миңден ашуун майып балдар бар. Анын ичинен 7 миң 98и бала кезинен майып болгондор.