Казакстандан келген жарандардан ПЧР тест талап кылынбайт

Кыргызстан Казакстандан келгендер үчүн ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабын алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз ккызматы тараткан маалыматта айтылат.

Билдирүүдө мындай чара Казакстанда кырдаалдын курчуп кеткендигине байланыштуу кабыл алынгандыгы белгиленет. Чечим Кыргызстандын жана чет өлкөлүк да тиешелүү.

Ошондой эле КР ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандарына кайрылып, өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД