
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн буйругу менен Омарбеков Айткурман Жоламановичти Казакстан Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу - атайын багыттагы аскерлердин командачысы кылып дайындады.
Өлкө башчысынын башка буйругу менен Ашимбекулы Ардак Казакстан Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары - атайын багыттагы аскерлердин командачысы кызматынан бошотулду.