Депутат Момбеков:"Туура эмес чакырып алган окшойт" УКМКга келген видеосу

Бүгүн, 1-июнда депутат Рыскелди Момбеков УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти. Ал журналисттерге кайсы маселе боюнча чакырылганын билбей турганын айтты.

Момбеков Кумтөр кени боюнча чакырышканын божомолдоду.

"2003-жылы Кыргызстан Кумтөрдөгү үлүшүнөн, 2009-жылы 16 миң га жеринен ажыраган. Мен Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары ушул 2 маселеге басым жасагам. Мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктаганда корутундуга өзүмдүн өзгөчө пикиримди жазгам. "Корутунду менен толугу менен макул эмесмин, 3 нерсеге каршымын. 2003-жыл менен 2009-жылды кыйгап өтүп, мындайча айтканда чечимдерден аттап өтүп, сүйлөшүүлөргө басым жатасыңар, бул тандалма саясат. Менин сунушум, Кумтөрдү улутташтырыш керек" дегем . Балким ушунун негизинде мени суракка чакырышса керек. Күбө катары суроолору бар экенин айтышты. "Күнөө болгон жерде күбө болот". А бирок бул жакка киргенде күбөдөн күнөөлүү кылып коюп жатпайбы", - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД