
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандардын пикети өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.
Маалыматка караганда, пикетке жыйырмадан ашуун адам катышууда.
"Кыргызстандын аскерлери Казакстанга жиберилбесин. Казакстанга тыштан агрессия болгон жок, казак эли ички ишин өзү чечиш керек. Казак эли бизге боордош, тууган эл. Ошондуктан кыргыз аскерлеринин ал жакта ок чыгарганы туура эмес болуп калат", - деди пикеттин катышуучусу Урмат Насыкулов.
Акцияга чыккандар арасында Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгыш керек деген талап койгондор дагы бар.
Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин караганы жатат. Жыйын жабык эшик артында өтөөрү айтылууда. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди.