Алматыда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери каза болду

6-январдын саат 13:00гө карата убактысына карата Алматыда укук коргоо органдарынын 353 кызматкери жаракат алып, 12 кызматкери каза болгон. Көз жумгандардын биринин башы алынган. Бул тууралуу Алматы шаарынын комендатурасынан билдиришкенин казак басылмалары жазып чыгышты.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД