
Казакстандын Актау шаарында нааразычылык акциясына чыккандар тарай башташты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алар өздөрүнүн Назарбаевдин отставкага кетиши боюнча кылган талабы аткарылганын билдиришкен.
Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.