
ЖККУнун аскерлеринин катарында Армения Казакстанга 70 адамын жөнөтөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.