Кворум жок. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртеңкиге жылдырылды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-январдагы кезексиз жыйыны эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кезексиз жыйын кворум чогулбай калгандыгынан улам жылдырылган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгы кабарланган болчу.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД