Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны өсүүдөбү?

Бүгүн, 5-январда, COVID-19дун 152 жаңы учуру катталган. Бул акыркы үч айга салыштырмалуу болжол менен 3-3,5 эсе көп. Бирок, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча катталган учурлардын мындай саны лабораториядагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу топтолгон.

"31-декабрда, 1-2-январда лаборатория кызматкерлери эс алышты. Дүйшөмбүдөн тартып иштей башташты. Бүгүнкү маалыматтар – бир нече күндө топтолгон анализдердин жыйынтыгы", - деди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Анын айтымында, азырынча оорунун кыйла өсүшү белгиленген жок. Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалды талдоодо. Кандай болгон шартта дагы жарандарга санитардык эрежелерди сактоо – беткап тагынуу жана колду туура жууп туруу сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД