Депутаттар кыргызстандык аскерлерди Казакстанга жөнөтүүгө макул болушту

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш ЖККУнун алкагында кыргызстандык аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди.

69 депутат - макул, 7 депутат - каршы добуш берди.

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтөт.

Казакстанда кыргыз аскерлери стратегиялык объектилерди кайтарышат.

Буга чейин Министрлер кабинети Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы союздук милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД