
Бүгүн, 7-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасындагы абалды жөнгө салууга багытталган ЖККУнун алкагында көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.