Казакстанда кайрадан интернет өчүрүлдү

Казакстанда кайрадан интернет өчүрүлдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, бийлик газдын кымбатташына байланыштуу массалык нааразылык акциялары башталгандан бери бир нече жолу интернетти өчүргөн.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.Тополоңдо ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Өкмөт отставкага кетти. Өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Өлкөгө ЖККУ өлкөлөрүнөн тынчтык орнотуучу күчтөр келишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД