"Алматы" аэропорту дагы 2 жума иштебей турган болду

Алматы шаарындагы эл аралык "Алматы" аэропортунун иши 19-январга чейин токтотулду. Бул маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.Тополоңдо ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Өкмөт отставкага кетти. Өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Өлкөгө ЖККУ өлкөлөрүнөн тынчтык орнотуучу күчтөр келишти.

Аэропортту 5-январда кечинде нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алышкан. Аэропорттун басма сөз кызматы муну тастыктап, кызматкерлер менен жүргүнчүлөр эвакуацияланганын билдирген.

Аэропорттогу бир катар каттамдар токтотулуп, ошондой эле Алматы шаарына чет өлкөлөрдөн бара турган учактар убактылуу каттабай турган болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД