Бишкекте заманбап мектептин модели талкууланды

5-январда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференцияга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана билим берүү жаатындагы серепчилер, ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдер катышып, заманбап мектептин модели жана гумандуу, улуттук, демократиялык баалуулуктар боюнча кеңири пикир алышышты.

Ошондой эле, конференциянын катышуучулары гумандуу педагогикага байланышкан китептер менен таанышып, О. Сайдилкановдун "Устаттык жолдун уңгусу" китебинин бет ачарына күбө болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД