Эми "Ак-Жол", "Ак-Тилек" өткөрмө бекеттери да жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак – Жол", "Ак-Тилек" өткөрмө бекеттери да жабылды. Бул тууралуу 7-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, аталган бекеттер жарандар жана жүктөр үчүн толук жабылды.

Чек ара кызматы казак тараптын демилгеси менен кыргыз-казак чек арасындагы эки автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганын маалымдаган. Казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Кең-Булуң авто жол" жана "Токмок-авто жол" өткөрүү жайлары 2022-жылдын 7-январынан тартып жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД