
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кайда экендиги, анын тагдыры кандай чечилгени тууралуу дагы деле маалымат жок. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Кечээ, 6-январда анын үй-бүлөсүнө тиешелүү жеке учактын Бишкекке конгону тууралуу маалымат пайда болгон менен, аны расмий түрдө эч ким тактаган жок.
Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.