Казакстанда "Дикий Арман" кармалды

Казакстанда "Дикий Арман" каймана аттуу кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Арман Жумагелдиев кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал каршылык акциясына чыккандарга мародерлорчулукту токтотууну, тынч акция өткөрүүгө чакырып жүргөн.

Белгилей кетсек, Арман Жумагелдиев кечээ, мародерлордун арасында кыргыз жарандары бар экендигин, алардын айрымдарын кармашканын айтып чыккан болчу. Анын кыргыздар тууралуу айткандары канчалык чындыкка жакын экендиги белгисиз.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД