"Дикий Арман" башында турган уюшкан кылмыш тобунун 6 мүчөсү кармалды

Казакстандын Алматы шаарында полиция жүргүзгөн атайын операция учурунда "Дикий Арман" каймана аттуу кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Арман Жумагелдиев башында турган уюшкан кылмыш тобунун 6 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кармалгандардын жанынан 4 тапанча, ок-дары, башка да куралдар табылган. Алар чопкутталган унаада жүрүшкөн.

Белгилей кетсек, Арман Жумагелдиев кечээ, мародерлордун арасында кыргыз жарандары бар экендигин, алардын айрымдарын кармашканын айтып чыккан болчу. Анын кыргыздар тууралуу айткандары канчалык чындыкка жакын экендиги белгисиз.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД