АКШ: Талсадагы расалык кыргынга бир кылым болду

Кошмо Штаттарында Талсадагы кыргындын жүз жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Бир кылым мурда Оклахома штатында 300дөй ынды кара адам өлтүрүлгөн.

1921-жылы 31-май ак расистер жалаң ынды каралар жашаган Гринвуд районуна кол салган. Жүздөгөн адамдар өлүп, миңдегени жабыркаган. Бул аймак 16 сааттын ичинде күлгө айланган.

АКШнын президенти Жо Байден бул датага байланыштуу америкалыктарды "расизмди тамыры менен жок кылууга бирдиктүү киришүүгө" чакырды. 100 жылдыкка байланыштуу Окхлахома штатында Greenwood Rising деген музейдин ачылышына Байден катышары маалым болду.

Ондогон жылдар бою Тасладагы кыргын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган эмес.

АКШда былтыр расалык зордук-зомбулукка каршы ири акциялар тутанган. Ага ынды кара жаран Жорж Флойддун полициянын колунанмерт болушу негиз болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД