Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Алматыга барды

ЖККУнун алкагында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Алматыга барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды

Буга чейин, ЖККУнун алкагында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Казакстанга жөнөп кеткенин КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа "Кант" аскер базасынан Казакстанга жөнөп кеткен.

"Кыргызстандын тынчтык орнотуучуларынын катарында тажрыйбалуу офицерлер жана контракттык аскер кызматындагылар бар. Алардын негизги милдети коңшу мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болот", - деп айтылат маалыматта.

Аскердик контингентти жөнөтүү чечими 2022-жылдын 7-январында кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД