Бишкекте жыгач иштетүүчү цехтен өрт чыкты

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан жыгач иштетүүчү цехтен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана жалпы 2 эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 11:23тө чектөөгө алынып, саат 12:40та толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Учурда материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД